www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

250 миң АКШ долларын рейдерлик кылган, алдамчылардын арамзасы Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагында отуруп 2021-жылдын 14-майында Facebook баракчасына азыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар (830 млн сом) алганы тууралуу билдирүү жазган. Ал “Шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деген фактыны келтирген. Бул иштин ак-карасын териштирүү үчүн экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси, Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков "кадыр-баркты коргоо" арызы менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылышты. Жээнбековдор Мелис Аспековдун Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар бергени тууралуу айткан маалыматын төгүндөөнү талап кылышууда.

Жээнбеков да “ырымдалып” экс-президент “статусун” алган

Эки экс-президент Аскар Акаев, Курманбек Бакиев чет мамлекетте, Алмазбек Атамбаев камалып жатат, Роза Отунбаева шайлоодон президент болбосо да, референдум аркылуу президент болгон. 2020-жылы ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров эмне үчүн Сооронбай Жээнбековго “экс-президент” макамы берилгенин түшүндүргөн. Ал бул кадам “өлкөдө 30 жылдан бери бир да “экс-президент” жок болгону үчүн” болду деген. Жапаров Отунбаеваны экс-президент катары эсептебесе керек. Ошондой эле анын айтымында, бул «кийин да бийлик мыйзамдуу алмашуусу үчүн “ырымдоо” максатында болгон”.

2021-жылдын 14-майында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров камакта жаткан активист Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп кайтарып, экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко бере турганын айткан. Президент Садыр Жапаровдун ошол кездеги маалымат катчысы Галина Байтерек Мелис Аспековдун бул билдирүүсүн төгүндөп, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылабаганын маалымдаган.

Экс–президент Жээнбеков Мелис Аспековдун Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар бергени тууралуу айткан маалыматын төгүндөөнү талап кылып сотко берди. Бул иш жарандык тартипте Аламүдүн райондук сотуна келип түштү. Азыр каттоого алып, соттук отурумдун күнүн белгилөө процедурасы жүрүп жатат. Ушул жуманын аягында же кийинки жумада сот кайсы күнгө коюлганы, кимдер катышары билинет. Жээнбековдор Мелис Аспековдун айткан маалыматтарына байланыштуу кадыр-баркына доо кеткенин билдиришип, аларды коргоо арызы менен кайрылышкан. Айрым массалык маалымат каражаттары Жээнбековдор 1 миллион сом талап кылып жатканын жазып чыгышты. Аламүдүн соту арыз жаңы келип, каттоо баскычынан өтүп жаткандыктан доонун суммасы такталып жатканын кабарлады.

Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президенттик статусунан ажырайбы?

Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президенттик статусунан  ажыратуу үчүн социалдык тармактарда Мелис Аспеков сыяктуулар кол топтоп жатышат. 2020-жылы ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров: “Эл президент кетсин деп, ага экс-президент макамын берүүгө да каршы болушту. Бирок мен баарын мойнума алып, экс-президент макамын бердим. Экөөнү кубалап жибердик, бирөөсүн түрмөгө тыктык. Муну да кубалап жиберсек же түрмөгө тыксак мындан кийин деле ушундай көрүнүш улана бербесин деп, атайылап ырым кылдык”, - деди ал. Жапаров эгер бул чечимге каршылар болсо “туура түшүнүшөт деп ойлоорун” кошумчалады.

Анткен менен Кыргызстанда экс-президент бар — ал 2010-жылы өткөөл мезгилде президент болгон Роза Отунбаева. Отунбаева өлкөнү бир жылдай башкарып, ага аталган макам расмий түрдө берилген. Шайлоодон кийинки толкундоолордон кийин Садыр Жапаров премьерликке дайындалган соң мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Мындан соң парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткарышы керек болчу, бирок премьер-министрдин тарапташтары анын да отставкасын талап кылышып, өлкө башчысынын милдетин Садыр Жапаров аткарышын каалашкан. Жыйынтыгында Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, анын ыйгарым укуктары автоматтык түрдө Садыр Жапаровго өткөн.

Эчки тууй албай жатып, койго арачы болобу?

Мелис Аспеков 250 миң доллар рейдерлик кылганы үчүн камалып жатат. Мелис Аспековду 2021-жылы  8-январда атайын кызмат кармаган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынышкан. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Активист Мелис Аспековго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 14-майда Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренеси менен экинчи кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Бул иштин алкагында Биринчи Май райондук сотунда Аспековдун бөгөт чарасы каралды.Тергөөнүн маалыматы боюнча ал 2016-жылы бир жарандан батир алып, акчасын бербей койгон.

Андан кийин УКМКнын дарегине Мелис Аспековдун алдамчылык аракеттерине байланыштуу алдамчылык жол менен жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тууганын түрмөдөн чыгаруу жагын чечип берем деген шылтоо менен 15 миң АКШ доллар акча каражатын алгандыгы боюнча “Б.Л.” аттуу жарандан кайрылуу келип түшкөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө арызданган “Б.Л.” аттуу жарандын кызынан күйөөсүн түрмөдөн чыгарып берүү маселесин чечүү үчүн Аспеков жубайы “М.Н” батирди каттаганы туралуу даттануу келип түшкөн.

Ушунун негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесиндеги “Алдамчылык” кылмыш белгилери боюнча Мелис Аспековго карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Мелис Аспеков КР Адилет министрилигинин алдындагы Мамлекеттик жазаны аткаруу кызматы №21-мекемесине кармоо түрүндө баш коргоо чарасы каралган. Азыркы учурда тергөөнүн алкагында Аспековдун дагы башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына катыштыгы бар экендиги текшерилүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости