www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун, 26-майда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы жаңы аныкталган лауреаттарын кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пикир алышуу учурунда министр балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруу зарыл экендигин баса белгилеп, балдар калемгерлери менен тыгыз иш алып баруу, балдар үчүн жаңы чыгармаларды жаратуу, аларды жайылтуу маселелерине токтолду.

"Жеткинчиктерге татыктуу тарбия берүү жана китепке болгон сүйүүсүн артырууда сиздердин эмгегиңиздер чоң. Бул жаатта баарыбыз биргелешип аракет көрүп, азыркы муундун китепке болгон сүйүүсүн күчөтүү керек. Министрлик бул тармакта балдар жазуучуларынын эмгегин баалайт", - деди министр Иманалиев.

Сыйлыкка татыктуу болгон акын-жазуучулар министрге ыраазычылык билдирип, балдар адабиятын өнүктүрүү жаатында эмгегин уланта берерин белгилешти.

Жалпы сынакка 16 эмгек келип түшкөн. Алардын ичинен үч чыгарма жеңүүчү болуп, үч автор сыйланды:

- Наматов Аман Наматовичке – "Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн "номинациясында "Гүлчечекей кулунчак" аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

- Абдыраимов Ырысбайга – "Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн" номинациясында "Түбөлүктүү чеп" аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

- Мамбеталиев Сатыбалдыга – "Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн" номинациясында "Керемет жомоктор" аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

Жолугушуунун соңунда министр лауреаттарга белектерин берип куттуктады.

КР өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы 2008-жылы уюштурулган. Ал кыргыз тилин кеңири жайылтууну жогорулатуу, мектепке чейинки курактан баштап аны үйрөнүүгө шарттарды түзүү, ошондой эле кыргыз тилине балдар адабиятын которууга түрткү берүү максатын көздөйт. 2009-жылдан бери сыйлык үч номинацияда тапшырылып, жеңүүчүлөргө атайын төш белги жана 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости