www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ош» базарынын аймагындагы жүргүзүлгөн рейдде радиотүйүндөрдүн пункттарынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын 300дөн ашык документи табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Ленин районунун ИИБ кызматкерлери документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнө өткөрүп беришти.

«Эгерде суроолоруңуз болсо, МККнын 119 чалуу борборуна кайрылыңыз. Ошондой эле, МККнын электрондук кызматтар порталынын маалымат базасынан жоголгон документтерди издөө жана текшерүү үчүн колдонсоңуз болот», - деп айтылат маалыматта.

Табылган документтердин тизмеси:

– eID-паспорт – 85 даана;
– Жалпы жарандык паспорту – 7 даана;
– AN паспорту – 177 даана;
– Айдоочулук күбөлүк – 27 даана;
– Аскердик билет (таандык) – 2 даана;
– Эмгек китепчеси – 1 даана;
– Нике тууралуу күбөлүк – 5 даана;
– Туулгандыгы тууралуу күбөлүк – 4 даана;
– ТК каттоо жөнүндө күбөлүк – 5 даана;
– Студенттик карта – 3 даана;
– Өтүү билети – 3 даана.

Мамлекеттик каттоо кызматы жоголгон документтерди тапкан жарандарды МККнын бардык аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык филиалдарына өткөрүп берүүгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости