www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын расмий бийлигинин маалыматына караганда, мурдагы президенти Серж Саргсянга жемкорлук боюнча жаңы кылмыш иши ачылды. Бул маалыматты анын адвокаты Амрам Макинян дагы ырастады. Анын айтымында, иш Сильва аттуу аялдын Саргсянга каршы берген көрсөтмөсүнө байланыштуу козголгон.

Макинян айтып жаткан ишкер аял Сильва Амбарцумяндын ысымы Армениянын дагы бир мурдагы президенти Роберт Кочарянга каршы коррупциялык иште да аталган.

"Ошол иштин алкагында Серж Саргсян эки жыл мурда күбө катары суралган. Андан бери эч кандай жаңы жагдайлар ачылган эмес", - деп жазды адвокат.

Саргсян бир жыл мурда бир миллион доллар кымырып алган деп айыпталган. Иш армениялык иликтөөчү Fact Investigation Platform сайты Саргсян бийликте турган маалда президенттик учак бюжеттин эсебинен Германиядагы Баден-Баден курортуна он чакты жолу барып келгенин аныктагандан кийин козголгон.

Саргсян жана анын тарапташтары бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келишет. Серж Саргсян Арменияны 2008-2018-жылдары башкарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости