www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын COVID-19 саясатын өркүндөтүү боюнча 20 чара эпидемияга тез жооп кайтаруу, нуклеин кислотасын текшерүү жана кооптуу аймактарда карантинди киргизүү боюнча так көрсөтмөлөрдү берди. Бул тууралуу Кытайдын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн изилдөөчүсү Ван Липин билдиргенин NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus маалымат агенттиги тастыктады.

«COVID-19дун алдын алуу жана контролдоо боюнча протоколдун тогузунчу чыгарылышына жана COVID-19 менен күрөшүү саясатын оптималдаштыруу боюнча 20 чарага ылайык, бардык жерде эпидемиологиялык изилдөө, пациенттердин кыймылы жана нуклеин кислотасын текшерүү боюнча жумушчу топторубуз натыйжалуу маалымат алмашуусу керек. Командалык штабдын жетекчилиги астында ишти координациялоо үчүн 24 сааттын алтын эрежеси эпидемияны алдын алууда жана ага каршы күрөшүү өтө маанилүү», - деди ал.

Кошумчалай кетсек, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин COVID-19нын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча биргелешкен механизми нуклеин кислотасын сыноо процессин жана башка маселелерди андан ары жөнгө салуу үчүн төрт техникалык документ чыгарды.

Эскерте кетсек, 12-ноябрда Кытайдын саламаттыкты сактоо органы контролдук-профилактикалык иштерди андан ары оптималдаштыруу боюнча 20 жаңы иш-чаранын пакетин, анын ичинде изоляциянын мөөнөтүнө жана эпидемиологиялык иликтөө процессине байланыштуу олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости