www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эксперт: Нарын брюссель капустасын өстүрүүгө абдан ыңгайлуу

Нарын облусу брюссель капустасын өстүрүүгө абдан ыңгайлуу, жашылча регионго экономикалык пайда алып келет. Бул тууралуу "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын директору Манас Белошаров "Агродиалог-2024" форумунда билдирди.

Анын айтымында, брюссель капустасы негизинен аба ырайы катаал Бельгияда гана өстүрүлөт. Жашылча 5-6 айда бышат.

"Бул жашылчаны өстүрүүгө Нарын облусу абдан ыңгайлуу. Бельгиядан башка жерде дээрлик айдалбайт. Эгер Айыл чарба министрлиги фермерлер менен биргеликте эксперимент кылып өстүрүп көрсө, келечекте регионго чоң экономикалык пайда алып келмек", — деди Белошаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости