www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АЗИЯnews гезити, "Саясый күрөштө регионго бөлүнүү коркунучу күчөп баратат", деген суроодо коомдук ишмер, Равшан Жээнбеков менен маек курган.
-Бул абалга кептелгенибиздин биринчи себеби, мунун өзү бийликтеги өзгөрүүлөрдүн жоктугу. Маанилүү реформалардын жасалбай жаткандыгы. Экономикада өнүгүүнүн көрүнбөгөндүгү, саламаттык сактоо тармагында, билим берүү тармагында мурдагыдан айырмаланган маанилүү өсүүнүн болбогондугу, сапаттын өзгөрбөгөндүгү - акырында келип саясатчылардын бири - бирине түндүк - түштүк маселесин колдонууга түртүп койду.
Тилекке каршы, биздин көптөгөн саясатчылар, көптөгөн аксакалдарыбыз кыйын маалдарда туура, калыс сөзүн айта албайт. Баардык кыйын убактарда бийликке кошомат кылышат. Бийликке жагынышат. Ал эми бийликке каршы тургандарды, бийликке каршы чыккан саясый күчтөрдү баары тебелеп - тепсеп жатып калышат. Бүгүнкү күндө да бул процесс жүрүүдө. Тарыхый процесс болуп эсептелет. Мурдагыдай эле азыр да «дүжүр аксакалдар», тырмакчанын ичиндеги аксакалдар бийликке жагынганга башка көз караштагы адамдарды, оппозицияны бийликке тебелеп бергенге аракет кылып жатышат.
Азыркы кыйын абалдан чыгуунун жолдору бар. Биринчиден, азыркы бийлик жаңы реформаларды жасаш керек болчу. Азыр бийликтин экинчи жаңы стадиясы башталды. Мурдагыдан айырмаланып, бийликке альтернатива боло алган экс - президент бийликке оппозиция болуп жатат. Бийликке
оппозициянын болгону абдан жакшы. Канчалык бийлик оппозициядан корксо, ал бийлик дурусураак, жакшыраак боло баштайт.
Ошондуктан азыркы бийлик «күч менен басып алабыз, камайбыз» дегендин ордуна, колдон келишинче учурдагы оор абалдан чыкканга диалог башташ керек. Күч, басым колдонбостон, колунан келишинче сүйлөшүп, азыркы оор абалдан чыгууну ойлонуштурушу керек.
«АКИпресске» чыккан Отунбаеванын Атамбаев тууралуу билдирүүсүн окудум. Мен мурдагы президенттин же өлкөдөгү көрүнүктүү адамдардын бир тарапка өтүп, бийликти гана колдоп, бийликтин оппонентин, колунда бийлиги жок адамды басмырлабай, туура сөзүн айтат го (!) деген үмүттө болчумун. Бирок, тилекке каршы, алты жыл Атамбаевди колдоп отурган убактылуу президент, узурпация кылса узурпациясын ж.б. иштерин колдоп отурган саясатчыларды куугунтуктаганда унчукпай отурган Роза Отунбаева бүгүн бир тараптуу сүйлөп, Атамбаевден өч алууну кыйыр түрдө билдиргени кейиштүү.
Булак: АЗИЯnews