www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай Кызматташтык Уюму Азия менен Европанын саясий айдыңына кирип бара жатат. Бул туурасында саясат таануучу Марс Сариев Sputnik Кыргызстан радиосуна интервью берип жатканда айтып, уюмдун тездик менен өнүгүп жатканын кошумчалады.

Европада ШКУ кайсы бир маселелерде "жүүнү бош' деп сынга алынганына карабастан (анда пикири келишпеген өлкөлөрдүн болушу айтылат), бирикме өзүнүн ийгиликтүү иштеп жатканын көрсөтүп жатканын белгилеген.

"Европада биримдиги бардыгы кара же ак гана болушу керек деген европалык ыкма боюнча бааланат. Ал эми бирикменин лидерлеринин бири болгон Кытайдын маселени чечүүдө өзүнүн, Чыгышка тиешелүү болгон жолдору бар. Эгерде ШКУнун өнүгүү динамикасын карап көрсөк, союз өзүнүн аймагын кеңейтүүдө. Ага эми Беларусь кошулду", — деп белгиледи Сариев.

Эксперт бул уюм саясий өңүттө евразиялык да, борбор азиялык да мейкиндикте салмагы оор тартып бара жаткандыгын кошумчалады.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости