www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп жаңжалдарды жөнгө салууга салым кошкону менен, ошол эле учурда башка аймактарда чыңалууну күчөткөнүн Вашингтондогу «Евразия борборунун» мурдагы вице-президенти Эрл Расмуссен РИА Новости агенттигине билдирди.

5-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоодон бери бир жыл толду. Ошол шайлоодо Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп Демократтар партиясынын өкүлү, мурдагы вице-президент Камала Харристен утуп чыккан.

Расмуссендин айтымында, бул, өзгөчө, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тиешелүү — Израиль менен Палестинанын ортосундагы чыңалуу, ошондой эле Израиль менен Ирандын ортосундагы мамилелердин бузулушу Трамптын саясатынын натыйжасы катары байкалууда.

Ошондой эле ал Трамп Украинадагы жаңжалды да чечип бере албаганын жана Россиянын коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууларды жоюуда ийгиликке жете электигин белгиледи.

«Трамп Украина кризисин жумшарта алган жок жана туруктуу стратегиясы да көрүнбөйт. Ал Россиянын коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын түшүнбөй жатат жана жаңжалдын чыныгы себептерин жоюуга умтулбайт окшойт», — деди эксперт.

Последние новости