www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия үчүн НАТОдон чыгууга убакыт келди, ал эми ЖККУга мүчө болуу жакынкы аралыкта актуалдуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге түркиялык тарыхчы Мехмет Перинчек айткан.

Ал НАТО Түркияны көптөн бери өзүнүн союздашы катары карабай калганына токтолгон.

"Алар Түркияны аркы жээкке чыгарып коюшту. АКШ Сириядагы PKK/YPG (Түркияда тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясы — ред.) уюмдарын колдоп Түркияга каршы чыгып жатат. АКШ жана НАТО Чыгыш жер ортолук деңизинде антитүркиялык блок түзүштү. Италия жана Норвегиядагы НАТОнун жыйынында Түркияны душман катары көрсөтүүдө. Түндүк атлантикалык бул альянс менен Түркиянын келечеги жок", — деди Перинчек.

Мындан улам эксперт Түркия Евразияга, Орусияга, Кытайга, Сирияга жана Азербайжанга назар салышы керектигин белгилеген.

"НАТОго кирүү менен Батыштын Түркияга көзөмөл жүргүзүү процесси башталды. Өлкөгө зыяндан башка эч нерсе берген жок. Учурда НАТОдон чыгып кетүү убактысы келди. Бул альянстын стратегиясы дүйнө жүзүн бөлүп-жарып, согуш отун жандырууга багытталган. Жакынкы аралыкта ЖККУга же башка жаңы уюмга мүчө болуу Түркия үчүн актуалдуу болуп турат", — деди эксперт.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 2002-жылы 14-майда негизделген. Анын курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрү кирет. ЖККУнун негизги максаты тынчтыкты бекемдөө, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту, туруктуулукту, мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоо болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости