www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май райондук соту блогер Ырыс Жекшеналиевге козголгон кылмыш ишин карап жатат.
Адвокат Кантемир Турдалиев билдиргендей, соттук отурумда экспертке сөз берилген. Ал Ырыс Жекшеналиевдин аракетинде массалык баш аламандыкка чакырык болбогонун айткан.
«Жекшеналиев сурак маалында ал эмнеге айыпталып жатканын түшүнбөй турганын айтты, анткени өзү массалык баш аламандыкка чакырган эмес. Анын социалдык түйүндөргө жайгаштырган, тагылган айып менен байланышкан видеосу буга чейин КТРКда көрсөтүлгөн. Бул видеону мамлекеттик каналга чыга электе БШКнын он жети юристи көргөн. Айта кетсек, Ырыс Жекшеналиевдин постунда массалык баш аламандыкка чакырыктар жок экенин сотто эксперт тастыктады. Чынында эле, ал жарыялаган маалыматтын астында кандайдыр бир чагымчыл пикирлер бар. Бирок Ырыс Жекшеналиевдин мында кандай тиешеси бар? Эл өз оюн жаза бербейби, андыктан аларды издешсин», - деди Кантемир Турдалиев.
Эске салсак, «Политузник» Фейсбуктагы баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакырык жасаган деген айып тагылган. 2022-жылдын 14-августунда ИИМдин тергөө кызматына жеткирилип, андан соң кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилген. Эки айдан кийин блоггер үй камагына бошотулган.
Булак: NazarNews.kg