www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эквадордун Гуаякил шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңдон кеминде 116 киши мерт болуп, 80дей киши жаракат алды.
At least 24 inmates were killed, and 48 more were wounded in the Ecuador prison riot on Tuesday, Ecuadorian officials said.#ShamshadNews #Prisoners #Casualties #Equador pic.twitter.com/fFJakTOCoc
— ShamshadNews (@Shamshadnetwork) September 29, 2021
Бийлик өкүлдөрү Литорал абагындагы тополоңго эл аралык баңгизат картелине байланышы бар кылмыштуу топтор себеп болгонун, кеминде беш кишинин сөөгү башы кесилген абалда табылганын билдирди.
Кечээ, 29-сентябрдагы бул окуядан улам президент Гильермо Лассо Эквадордо өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал бийлик абактагы абалды толук көзөмөлгө ала электигин айтты.
"Түрмөлөр кылмыштуу топтордун таасир талашынын чордонуна айланганы өкүнүчтүү", - деди Эквадордун президенти.
Өзгөчө кырдаал өкмөткө түрмөлөргө кошумча күч жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эквадордун Улуттук реабилитация кеңешинин мурдагы башчысы Леди Зунига Борбордук Америкадагы бул өлкөнүн тарыхында Литорал абагында мынчалык чоң тополоң чыгып көрбөгөнүн, бийлик былтыр февралда дагы бир түрмөдө болгон кыргындан сабак албаганын айтты.
Булак: NazarNews.kg