www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 килограммдан ашык мефедрон менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 2001-жылы туулган С.И.ге таандык "Субару Форестер" үлгүсүндөгү унаанын арткы отургучунун астындагы жашыруун жайдан болжол менен салмагы 6 килограмм 111 граммды түзгөн 24 таңгакталган ак түстөгү кристаллдык зат табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында жогоруда алынган заттар мефедрон психотроптук зат экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2001-жылы туулган С.И. эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү экени белгилүү болуп, ал узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азияга ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени такталган. Бул баңги синдикатынын катышуучулары баңгизатты интернет аркылуу сатышкан.

Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетин ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда шектүү катары кармалган жаран менен башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз тапкан кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн.

Күч түзүмдөрүнүн макулдашылган иш-аракеттеринин аркасында өлкө аймагында мефедрон психотроптук затынын 42 миңден ашык дозасын жайылтууга бөгөт коюлду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости