www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-февралда, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангдже менен жолугушуу өткөрдү.
Анда Кыргызстан менен Кореянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Комитет төрайымы Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелер динамикалуу жана туруктуу мүнөзгө ээ экенин белгилеп, алардын ырааттуу өнүгүп жатканын, ошондой эле аймактык жана эл аралык аянтчаларда активдүү өз ара аракеттенүү менен бекемделип жатканын айтты. Мындан тышкары, эл өкүлү алдыдагы саммиттерге даярдык көрүү иштерине да токтолду.
Муну менен катар Эльвира Сурабалдиева мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыктын өсүп жатканын канааттануу менен белгилеп: «Алсак, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 508 млн АКШ долларын түзүп, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөрдөн 17 пайызга жогору болгону соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун далили болуп саналат», – деген комитет төрайымы Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн капиталды коргоо кепилдиги жана узак мөөнөттүү эки тараптуу өнөктөштүккө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн кошумчалады.
Өз кезегинде элчи Ким Квангдже Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасы өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүп келе жатканын ырастап: «Кыргыз Республикасы Борбор Азия аймагындагы биздин өлкө үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат», – деп комитет төрайымы тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди колдоорун билдирди.
Элчи дипломатиялык миссиянын алдыдагы иш пландарына да учкай токтолуп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруларын айтты. Мындан тышкары, ал «Корея – Борбор Азия» форматындагы саммитке даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берди.
Дипломаттын маалыматына ылайык, учурда саммитти ийгиликтүү өткөрүү максатында Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. «Анын алкагында экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана экология тармагындагы алакаларга өзгөчө басым жасалат», - деди.
Жыйынтыгында элчи маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдирип, эки элдин маданий окшоштуктарына көңүл буруу менен корей тараптын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга кызыкдар экенин кошумчалады.