www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2- мартта, эл аралык жана жергиликтүү маанидеги автожолдордо, ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Бишкек Ош автомобиль жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында себелеп кар жаап жатат. Аталган жолдорду тейлеген Жол тейлөө ишканалары тарабынан тынымсыз көзөмөл жүрүүдө.
Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп –Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.
Мындан тышкары, подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери туруктуу аткарылууда.
Министрлик алдындагы Жол тейлөө ишканаларынын жолчулары тарабынан жалпы пайдалануудагы авто жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткөлөрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.