www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык пахта кампаниясы (Cotton campaign) Еврокомиссияны Түркмөнстандан пахта экспорттоого тыюу салууга чакырды. Уюм 21-декабрда комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйенга кайрылды.

"Түркмөнстандагы абал токтоосуз түрдө импортко тыюу салууну талап кылат. Түркмөн пахтасынын баары мажбурланган эмгек менен терилген. Жыл сайын пахта терим учурунда Түркмөнстан өкмөтү он миңдеген мамлекеттик сектордун кызматкерлерин пахта теримге мажбурлап, мамлекеттик кызматкерлерден түшүм чыгымдары үчүн акча чогултуп келет", — деп жазылган "Пахта кампаниясы" эл аралык коалициясынын катында.

Каттын авторлору Түркмөнстанда абалга ачык баа берип, жакшы эмгек шартын талап кылган жарандык коом жок экенин белгилеген.

Global Trade маалымдагандай, 2020-жылы ЕБ 7,5 миллион еврого пахта импорттогон жана 5 миллион еврого текстиль буюмдарын экспорттогон.

Эл аралык уюмдар Түркмөнстан өлкө ичинде өндүрүлгөн пахта жана башка өнүмдөрдү Түркия аркылуу дүйнө рыногуна экспорттоп жатканын кабарлашкан.

Өткөн жумада Европарламенттин 300дөн ашуун депутаты түркмөн жана уйгур кулчулугунун жыйынтыгында өндүрүлгөн товарларды Европа Биримдигине алып кирүүгө тыюу салууга чакырган.

2016-жылы H&M, Espirit, Adidas, IKEA сыяктуу дүйнөлүк бренддер түркмөн пахтасын колдонуудан баш тартышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости