www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл артисти Улукмырза Полотов көз жумду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, кыргыз улуттук музыкалык искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Улукмырза Полотов 83 жашында чын дүйнө салды. Бул тууралуу анын шакирттери кабарлашты.

Улукмырза Полотов кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өмүрүн арнап, элдик жана академиялык вокалдык өнөрдүн бийик үлгүсүн жараткан залкар инсан эле. Ал өзүнүн кайталангыс үнү, аткаруучулук чеберчилиги жана комуз менен коштоп ырдоо өнөрү аркылуу кыргыз искусствосунун алтын казынасына өчпөс из калтырды.

Көп жылдык чыгармачылык жана педагогикалык ишмердигинин жүрүшүндө жүздөгөн таланттуу шакирттерди тарбиялап, улуттук ырдоо мектебинин өнүгүшүнө зор салым кошту. Анын аткаруусундагы көптөгөн чыгармалар Кыргызстандын маданий мурасы катары эл эсинде түбөлүк сакталат.

Улукмырза Полотов чыгармачылыктагы улуулугу менен катар адамдык бийик сапаттары, жөнөкөйлүгү, ак ниеттиги, кичипейилдиги жана мекенчилдиги менен да өзгөчө урмат-сыйга ээ болгон инсан эле. Анын өмүр жолу кийинки муундар үчүн өрнөк болуп кала берет.

Последние новости