www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Кыргызстандын 1127 жараны чет мамлекеттерде жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева билдирди.

Анын айтымында, бул маалыматтар Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилип, үзгүлтүксүз жаңыланып турат.

Ошол эле учурда колдонулуп жаткан эл аралык келишимдердин негизинде 237 соттолгон жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилип, жазасын мекенинде өтөөнү улантууда.

Маалымат Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кароо учурунда айтылды. Документ депутаттар тарабынан дароо үч окууда кабыл алынды.

Конкубаева белгилегендей, Кыргызстан бул багыттагы эл аралык-укуктук базаны кеңейтүүнү улантууда. Тактап айтканда, республика соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенциянын катышуучусу болуп саналат. Аталган конвенция Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын ортосунда күчүндө.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жол-жоболорун каржылоо жана аны ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелерди да көтөрүштү.

Последние новости