www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлиги 2026-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялады.
Ведомствонун маалыматына караганда, быйылкы тестте өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүчкө эки бүтүрүүчү жетишип, 239 упай топтоого үлгүрүштү.
Алар:
Айдай Абылаева – Нарын облусундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектептин бүтүрүүчүсү;
Сезимай Акматова – Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын бүтүрүүчүсү.
Белгилей кетсек, быйыл жалпысынан республика боюнча 55 бүтүрүүчү алтын сертификат алуу укугуна ээ болду. Алар өлкөнүн жогорку окуу жайларына сынаксыз өтүү жана окуу акысынан бошотулуу сыяктуу артыкчылыктарга ээ болушат.