www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук статистика комитети 2-апрелде биринчи болуп Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында эл каттоо аяктаганын билдирди.
Ош жана Бишкек шаарларында эл каттоо өнөктүгү 3-апрелде жыйынтыкталды. Статистика комитетинин сайтындагы маалыматка караганда, дагы үч күндүн ичинде, 4-6-апрелинде толуктоочу текшерүү жүргүзүлөт. Кошумча убакыт кайра жазылган тургундарды тактоо максатында берилген.
Республиканын алыскы аймактарында эл каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлөт.
Кыргызстан боюнча 2 миңден ашык кабинет уюштурулган. Бул жолу эл каттоо ишине 28 миң киши тартылып, алар Улуттук статистика комитетине убактылуу жумушка тартылган.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери үчүнчү жолу эл каттоо өтүп жатат. Ар он жылда өтүп келген өнөктүк бул жолу COVID-19 пандемиясынан улам өз мезгилинен үч жылга кеч өтүүдө. Өнөктүктө өлкөнүн эл жана турак жай статистикасы жаңыланат.
Эгемендүү Кыргызстанда биринчи эл каттоо 1999-жылы болгон. Анда жыйынтыгы боюнча өлкө калкынын саны 4,8 миллион адамды түздү. 2009-жылы эл каттоодон 5,3 миллион адам өткөн. Ал өнөктүктө 10 жылдын ичинде мекенинде «убактылуу жашабаган» кыргызстандыктар алты эсеге көп болгон.
Булак: NazarNews.kg