www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сотко Атамбаевди барсаң да барасың, барбасаң да барасың деп күчтөп алып келбеш керек», - деди бүгүн, 4-мартта, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, укук коргоочу катары да эмгектенген тажрыйбалуу адамсыз. Качан болсо акты ак, караны кара деп калыс пикириңизди айтасыз. Атамбаевге мындан ары кандай мамиле болушу керек?

- Атамбаевди соттоп бүтө албай коюшту го. Негизи ар бир соттолуучу адамдын укугу болот. Аларга күч колдонуп, сырт кийими жок сотко сүйрөп келип, укугун бузбаш керек. Өткөндө Атамбаевди сотко кийими жок алып келишиптир деп жазып жатышканын окугам.

Андан көп өтпөй эле Атамбаевди соттон тез жардам алып кетиптир деген маалымат алдым. Бул жерде Алмазбек Атамбаевге кыйноо болгону сезилип турат. Мындай мамиле кыргызча айтканда адамгерчиликке жатпайт.

Ошон үчүн ар бир соттолуучуга адилеттүү мамиле жасалышы керек. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Атамбаевдин ден соолугуна тыкыр көз салып, сакайтуунун аракетин көрүшү керек. Болбосо, Атамбаев президент болгону үчүн анын иши саясатка байлангандай сезим калтырууда.

- Садыр Жапаров сотко кийлигишкенге укугу жок экенин, соттордун ишине киришпесин жазып да, айтып да жатат го?

- Президент анын камалышына жана сотуна тиешем жок деп жазганы менен Атамбаевге жасалган мамиле эмнегедир саясий куугунтук уланып жаткандай, кимдир бирөөлөр тарабынан өч алуу орун алгандай таасир калтырууда. Ошон үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы калпыстыкка жол бербей, ишин адилеттүү аткарышы керек. Антпесе, алардын аракетинен президентке сөз тийет.

- Мындан ары сот Атамбаевдин катышуусу жок өтүшү керекпи?

- Ал нерсе врачтардын чечимине жараша болушу керек. Айтайын дегеним, сотко Атамбаевди барсаң да барасың, барбасаң да барасың деп күчтөп алып келбеш  керек. Бирок, сот ансыз өтпөшү керек.

- Баса, укук коргоочу катары сынга, кысымга кабылып, адилеттүүлүк таппай кыйналган учурларыңыз болду беле?

- 1998-жылы Кыргызстандын өкмөтү биринчи жолу БУУда отчёт берген. Ал жыйынга Чолпон Баекова баш болуп барган. Биз ошол жерде тергөө учурунда көптөгөн укук бузулган фактылар болгонун аныктап бергенбиз.

Кыскасы, бийликтин делегациясы аркылуу ошо кездеги президент Аскар Акаевге биз койгон дооматтардын негизинде милдеттенмелер берилген.

Бирок бийлик катачылыктарды оңдоп, милдеттемелерди аткарган эмес. 2000-жылкы адам укугу боюнча өткөн Женевадагы жыйында Чолпон Баекованы «келгенге акың жок болчу, сот деген көз карандысыз болушу керек» - деп доклад кылдырбай койгон. Дырылдаевдин айынан ушундай болду дегенде Акаевдин ачуусу келип менин офисимди 10 күндөй текшерүүгө алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости