www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдымамбет Сариев:

Кишинин сөөгүн аруу жууп, ак кепиндегенден кийин бул дүйнөдө калган тирүүлөр-эркектер сөөктү узатаарда аны ылайыктуу жерге жайгаштырып, дайындалган бир киши төмөндөгүдөй сөздөрдү китепче аркылуу (жатка билсе да жакшы) элге угуза шашпай айтып, тизилип турган Кишилер Аны ичтеринен же сырттарынан коштоп туруулары керек:

О, кудурети күчтүү улуу Жараткан Эгем!

Ушул балаӊдын-баланча уулу (кызы) түкүнчөнүн бул дүйнөдө билип кылган, билбей кылган күнөөлөрүн кечир?!

Ойлогон оюнан, сүйлөгөн сөзүнөн, жасаган ишинен калпыстык кетирсе кечир?

Өзүӊдүн алдында жазыктуу болуп калса күнөөсүн кечир?

Башка кишилерге жакпаган тескери жоруктары, мүнөз-адаттары болсо күнөөсүн кечир?

Жаман сапаттарына жеӊдирип, жаман жолго жүрсө, жаӊылып, адашса күнөөсүн кечир?

Өзүӊ кечиримдүү, боорукер, кайрымдуу, чексиз кенен, айкөл элеӊ күнөөсүн кечире гөр?

Наркы дүйнөдө бейиштен орун бере гөр?..

Ушул балаң бул дүйнөдө жаздым басса, жаӊылып сүйлөсө, жаман ойду ойлосо, кемчилик, күнөөлөрүн кечир?

Анын тирүү кезинде кетирген Кемчилик, Күнөөлөрүнүн Кесепетин артында калган тууган-уруктарына, бала-чакасына, жакындарына тийгизбе?

Тирүү кезинде ээлеп алган Илешкектер, Тескери Күчтөрду жок кыла гөр?

Дубалар, Каргыштар, Оору-сыркоолор болсо аны артында калгандарга өткөрбө?

Аларды мезгилсиз өлүмгө туш келтирбе артын Кайырлуу, Майлуу-сүттү кыл?

Тозок отуна салба, Акыреттигин бер, Сыноодо калтырба.

Кыйынчылыкка туш келтирбе. Асыл жанын (арбагын) чыркыратып кыйнаба?!

Өзүӊдүн аруулоочу өзгөчө нуруӊ менен асыл жанын--(арбагын) агартып, аруулап бейишке кирип жашоого даярда?!

Кечиримдүү, боорукер, айкөл боло гөр?!

Биздин үнүбүздү угуп, суранычыбызды кабыл кыл?

Ак тилегибизди, өтүнүч-жалбаруубузду, кечирим сурообузду кабыл ал?!

Ушул балаӊдын артында калган урук-тууганына, бала-чакасына, жакындарына, жалпы элине жакшылык бер?!

Артын кайырлуу, майлуу-сүттү кылып, жамандык сынооӊдон алыс кыл?!

О, кудурети күчтүү улуу Жараткан Эгем!

Ушул балаӊдын түбөлүк сапарын камсыз кыл?

Артында калгандардын ички дүйнөсүн аруулап, оӊ жолго сал?

Өзүӊдү таанытып, өз бийлигиӊди жүргүз?

Ушул балаӊдын наркы дүйнөлүк-акыреттик сапарына жол ач?!

Кетирген Күнөөсү болсо кечире гөр?

Ушул Балаң боюнча суранган Өтүнүчүбүздү, Кечирим сурообузду, Тилегибизди кабыл кыл?!

О, кудурети күчтүү улуу Жараткан Эгем!

Баардыгы Сенин колуӊда!

Баардыгыбыз Сенин колуӊдабыз!

Жанга Аза айылгандан кийин эркектер сөөктү мүрзөгө алып жөнөшөт.

Аялдар калып жоктоп ыйлашат...

ЖАШ КУРАГЫ ОН БЕШКЕ ЧЕЙИНКИЛЕРГЕ

ЖАНГА АЗА АЙТУУ

Жаш курагы он бешке чейинки кыз бала же уул бала бул дүйнөдөн өткөндө аны аруу жууп, ак кепиндегенден кийин чогулган элдин бет маӊдайына жайгаштырып жаткырып, дайындалган бир киши төмөндөгүдөй сөздөрдү китепче аркылуу айтып (окуп), калган Эл аны ичтеринен же сырттарынан кайталап туруулары керек:

О, кудурети күчтүү улуу Жараткан Эгем!

Ушул балаӊ -- баланча уулу (кызы) түкүнчө оюнан, сөзүнөн, ишинен кемчилик, күнөө кетирсе кечир?

Өзүӊ чексиз кечиримдүү, айкөл, боорукер, ырайымдуу элеӊ, ушул балаӊдын жаштык кылып кетирген кемчилик, күнөөсүн кечирип, бейиштен орун бер?

Эгер калган өмүрү болсо, урук-туугандарына, ата-энесине ырайым кылып бөлүштүрүп ыйгарып, калыс таразалоочу экендигиӊди көргөзө гөр?!

Ушул жерде катышкандардын өмүр менен өлүмгө, жакшылык менен жамандыкка адилдик менен кыянаттыкка болгон мамилелерин өзгөрт?

Жаралуу менен төрөлүү, бар болуу менен жок болуу, бул дүйнөдөн кетүү аркылуу башка кишилерди аруулап, тазарт?

Жаш бойдон бул дүйнөдөн кетүүнүн оор жана кайгылуу болоорун билдир?

Мындай Тагдыр ушул жерде катышкандардын ар биринин башына түшүп кала тургандыгын билдир?

Өмүр менен өлүмдүн баркын, баасын билдирип, сездир?!

О, кудурети күчтүү улуу Жараткан Эгем!

Ушул балаӊдын артында калган ата-энесине, урук-туугандарына сабырдуулук, токтоолук бер?

Ыймандуулук, адептүүлүк, ынсаптуулук, калыстык, бекемдик, адилеттик бер?

Ички дүйнөлөрүн аруулап, агартып, өлүм менен өмүрдүн баркын билдир?

Кишилердин бири-бирин сыйлоосу, урматтоосу, бири-бирин камкордукка алуусу керектигин сездир?

Ар бир ата-эне өз балдарына ата-энелик милдеттерин так аткаруу керектигин билдир?

Балдарына мээримин аянбай төгүп, камкордукка алуу, Жаратканды эстөө аркылуу тарбиялоо керек экендигин туйдуруп, сездирип, билдире гөр?!

Биз акыркы сапарга узатып жаткан ушул балаӊ бул дүйнөдө жаздым басса, жаӊылып сүйлөсө, жаман ойду ойлосо, ошол кемчилик, күнөөлөрүн кечир?!

Анын тирүү кезинде кетирген кемчилик, күнөөлөрүнүн кесепетин артында калган ата-энесине, тууган-уруктарына, жакындарына тийгизбе?

Тирүү кезинде ээлеп алган илешкектер, тескери күчтөрдү жок кыла гөр?

Тескери дубалар, каргыштар болсо жок кыл?

 Оору-сыркоолор болсо аны артында калгандарга өткөрбөй, мезгилсиз өлүмгө туш келтирбей артын кайырлуу, майлуу-сүттү кыл?!

Тозок отуна салба, акыреттигин бер сыноодо калтырба?

Кыйынчылыкка туш келтирбе?

Асыл жанын (арбагын) чыркыратып кыйнаба?

Наркы дүйнөлүк жолун ач?!

Ушул суранычыбызды, өтүнүчүбүздү, кечирим сурообузду, тилегибизди кабыл кылып ушул балаӊдын күнөөсүн кечире гөр?

О, кудурети күчтүү улуу Жараткан Эгем!

Бардыгы Сенин колуӊда!

Бардыгыбыз Сенин колуӊдабыз!

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости