www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын бийлиги 5,5 миң ооганстандыкка качкын макамын берүүдөн баш тартты. Алардын колунда азыр "башпаанек издеген адамдын убактылуу күбөлүгү" гана бар жана ай сайын анын мөөнөтүн узартып турууга аргасыз.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) ооганстандыктардын башкалка берүү өтүнүчтөрүн кароо убактылуу токтотулганын ырастады. Мекеме бул чечим "коопсуздук максатында" кабыл алынганын билдирди.
Ооган качкындарына юридикалык жардам көрсөткөн "Инсон ва адолат" коомдук уюмунун башчысы Ширинбек Давлатшоевдин айтымында, 2021-жылы "Талибан" режиминен качып келген 5,5 миң ооганстандыктын баары Тажикстанда качкын макамын ала албай жүрүшөт.
"Ооганстандыктар келип жашап жаткан шаарлар менен райондордун Турак-жай коммуналдык кызматтарына качкындарга убактылуу жашап туруу жөнүндөгү маалымкат бербегиле деген жазуу түрүндөгү эскертүү берилген. Бул документсиз алар качкын макамын алуу үчүн зарыл болгон юридикалык процедуралардан өтө албай калышат", – деди Давлатшоев.
Тажикстанда качкын макамынын жоктугу оогандыктарга көптөгөн маселелерди жаратат. Буга байланыштуу келечекте аларга айып пул салынып же мекенине депортацияланышы мүмкүн.
2021-жылы ноябрда тажик бийлиги 11 ооган качкынын мекенине депортациялаган. Анда БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы буга тынчсыздануусун билдирген.
Булак: NazarNews.kg