www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Биздин кыймылдын максаты-өлкөнү авторитаризмден демократияга буруу», - деди бүгүн, 4-мартта, NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов.
- Мамбетжунус ага, жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймылдын мүчөсү экенсиз. Оппозициялык топтун негизги максаты эмне? Айрымдар силерди кызмат үмүт эткен адамдардын тобу дегендей ойду айтып жатышат го?
- Биздин кыймылдын максаты-өлкөнү авторитаризмден демократияга буруу. Бизди сындап жаткандар Садыр Жапаров оппозицияда жүргөндө так ушинтип сындашкан. Алар ушинтип оппозицияны жамандап, бийликке жагынып оокат кылышат. Ошондуктан, биз алардын мындай сөздөрүнө терикпейбиз.
- Жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймыл менен бийлик эсептешиши керекпи?
- Негизи эле бийлик табиятынан эле оппозицияны душман катары көрөт. Ошондуктан, бийлик оппозиция менен формалдуу түрдө гана эсептешимиш болуп коёт. Бул бийлик деле ошентип коюшу мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg