www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиеванын демилгеси менен жаш спортчулар жана алардын машыктыруучулары менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чарага депутаттар Талайбек Масабиров, Болот Сагынаев жана Эдита Тайгараева да катышты.
Жолугушууда жаштар арасында спортту өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, анын ичинде спортчуларга керектүү шарттарды түзүү, каржылоо жана машыгуу базаларын жакшыртуу тууралуу кеп болду.
Эл өкүлдөрү акыркы жылдары спорт жаатында көптөгөн ийгиликтер жаралып жатканын белгилешип, мамлекет да тармактын алдыңкыларына өзгөчө көңүл буруп жатканын билдиришти. Ошондой эле айрым муктаждыктарды өз убагында чечип, мамлекеттик колдоону дагы да күчөтүү зарылдыгы айтылды.
Баарлашуунун жыйынтыгында айрым спортчуларга жана машыктыруучуларга Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттары тапшырылып, алдыдагы иштерине ийгиликтер кааланды.