www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын дипломаттары Киевге - Украина НАТОго кошулат деп көп жылдан бери жалган убада берип келгенин АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол тастыктады. Бул тууралуу ал Канадада өткөн дебатта билдиргенин РИА Новости жазды.

"2021-жылы биздин дипломаттар Киевди альянска кире алаарына ишендирүүгө болгон күчүн жумшады. Ошондо дипломаттар калп айттыбы?" — деп алып баруучу Макфолдон сураган. Саясатчы муну тастыктагандай жылмайып, "чыныгы дүйнө" ушундай түзүлгөнүн кошумчалады.

Жогорку Рада 2014-жылы Украинанын блокко кирбеген статусун жокко чыгарган. 2019-жылдын февраль айында парламент Конституцияга өзгөртүү киргизип, өлкөнүн Евробиримдик менен НАТОдогу багытын аныктаган. Ошол эле маалда эксперттер Киев жакынкы он жылдыкта НАТОго мүчө боло албай турганын белгилеген. Апрель айынын аягында АКШнын коргоо министри Ллойд Остин азыр Украинанын альянска кирүү мүмкүнчүлүгү карала электигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости