www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дипломат Россия өзүнүн чек арасын кандай коргой турганын америкалыктардан сурабастыгын кошумчалаган.

Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Киев Россиянын ичинде кандайдыр бир "буфер аймагын" түзө албастыгын, бул мүмкүн эместигин айтты. Маалыматты РИА Новости жазды.

Буга чейин Владимир Зеленский Украина армиясынын Курскиге койгон чабуулунун себеби Россияда "буфер аймагын" түзүү максаты экендигин айткан.

"Бул мүмкүн эмес, мүмкүн эмес. Россия Федерациясынын аймагында буфердик эч кандай аймак болбойт", — деген россиялык элчи журналисттерге.

Киевдин мындай билдирүүлөрүн АКШ четке каккан жок деген тактоочу суроолорго да жооп берген.

"Россия эмне жасап, өзүнүн чектерин кандай коргой турганын америкалыктар бизге үйрөтпөй эле койсун. Бул туурасында алар менен сүйлөшпөйбүз дагы", — деген дипломат.

Эскерте кетсек, 6-августта Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Курск облусун басып алуу ниети менен аймакка кирип келип, бирок РФ аскерлери тарабынан токтотулган. Россиянын Коргонуу министрлигинин билдирүүсүндө, кагылышуудан Украина 4,7 миң жоокеринен жана 68 танкасынан ажырады.

Учурда элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими иштеп жатат.

РФ президенти Владимир Путин Киев режими чагым жасап, жай тургундарды, жарандык инфраструктураны ылгабай аткылап жатканын билдирген. Ал тийиштүү жооп аларын, Россия алдына койгон максатынын баарына жетерин белгилеген болчу.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости