www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин жолугушуусу өттү.

2026-жылдын 10-июлунда өткөн жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын оң динамикасы белгиленип, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери тарабынан мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый келишимге кол коюлушу маанилүү кадам катары бааланды.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Элчи Эрлан Абдылдаевге эки мамлекеттин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде Эрлан Абдылдаев дипломатиялык миссиясын аткарган мезгилдеги колдоо жана кызматташтык үчүн тажик тарапка ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Последние новости