www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кыргыздын бир эрке талтаң орто жашап калган кызы бар. Аты-жөнү Гүлнара-Клара Самат. Кыз кезиндеги аты-жөнү Клара Кабилова. 2008-жылы «Максим Бакиев тийишти» деп хайп кармап, өлкөдөн чыгып кеткен. Унчукпай жүрүп кызматка келет, үн катпай жүрүп кызматтан кетет.
Майлуу-сүттүү орундарга оңой эле жетип, креслодон турбай ишин кылат. Орусия жараны болгонуна карабай Жогорку Кеңеште депутаттык төш белгини уялбай тагып, төрдө олтурган.
Депутаттыкка 2015-жылы парламенттик шайлоодо «ата мекенчилердин» тизмесинен келген. Ал учурда деле ЖКга келгени менен адатынча үн каткан эмес.
Гүл-гүлүнөн жанган Гүлнара-Клара Самат ушул тапта Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси. Кыргызстандагы чыгаан саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун ордуна топ этип түшүп калган.
Жаңы бийлик келгенден кийин ар кимдин эшигин каккылап жатып, кызматка барганы эсибизде. Элчи болуп барганы алгылыктуу ишин көрө элекпиз.
Дегенибиз, Орусияда миллиондогон кыргыздар болгону менен, короздой койкоюп, жардамга муктаж жарандарыбызга көңүл бурбай кашанын үстүндө олтура бергени кызык.
Бар менен жоктун ортосунда жүрө берген мындай элчилерден биздин бийлик уялбайбы? Элчи өлкөнүн жүзү болот эмеспи. Чыгаан саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун ордуна үн катпас аялды алып келип, элчи кылып койгон бийликтегилерге дагы сөз жок.
Ау-у, бийлик ишенген Гүлнара-Клара Саматыңар менен аман эле болгула. Жок дегенде алыска барбаса дагы Маскөөдө жайгашкан Арбатка бир жолу барып, кыргыздарды аралап койсо «ой, мөлөдещ» деп коймокпуз. Мунуңарды кылкылдатып жүрө бербей арыдан-бери кылып, саясатта чоң орду бар Аликбек Жекшенкуловдой чыгаандарды элчи кылсаңар куп жарашмак.
Айтор Гүлнара-Клара Саматпы, же Гүлал-ай Саматпы «А-бу, барсыңбы Гүлүм?» деп, телефон чалып койсоңор бир аз жамбашын креслодон көтөрөт беле? – деген эле ой...
"Если, сөзүбүз каттуу тийсе, "Извините божалуйста" демекчибиз, азыркыча айтканда оозу ботокс болсо дагы байдын байбичеси сүйлөсүн.
Булак: NazarNews.kg