www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-февралында Халле шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия менен Борбордук Азиянын ортосундагы илимий кызматташтык» форумуна катышты.
Иш-чараны Германиянын Изилдөө, технология жана космос боюнча федералдык министрлиги менен Мартин Лютер Университети биргеликте уюштурду.
Форумдун алкагында «Германия + Борбордук Азия» процессинин алкагында илим, изилдөө жана инновация жаатында кызматташуу боюнча биргелешкен ниет декларациясына кол коюлду. Документке Германиянын Изилдөө, технология жана космос боюнча федералдык министрлигинин Мамлекеттик катчысы доктор Маркус Плейер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери кол коюшту. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин атынан Биргелешкен билдирүүгө кол коюуга тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон Элчи Өмүрбек Текебаев кол койду.
Элчи Ө.Текебаев Форумдун ачылышында сөз сүйлөп, “Дүйнөлүк турбуленттүүлүккө карабастан, илим ишенимдин эң туруктуу инструменти бойдон калууда”, - деп белгиледи.
Андан кийин Элчи Өмүрбек Текебаев Мартин Лютер Университетинин Ректору, профессор Клаудия Беккер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Мартин Лютер Университети менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чараларды жана изилдөө долбоорлорун уюштуруу боюнча кызматташууну орнотуу маселелерин талкуулашты.