www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-майда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дипломатиялык корпустун Дуайени, Германиядагы апостолдук нунций Никола Этерович менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, апостолдук нунций элчи Текебаевди Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына дайындалгандыгы менен куттуктап, элчинин ишмердүүлүгүнө максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Элчи Текебаев маектешине Кыргызстандагы учурдагы саясий кырдаал, ошондой эле Кыргызстандын экономикалык реформаларды ишке ашырууга багытталган улуттук кызыкчылыктары жана пландары жөнүндө маалымат берди. Элчи Текебаев Кыргызстандын кызыкчылыктарынын жана умтулууларынын айрым багыттары Ыйык Тактынын (Ватикандын) жүргүзүп жаткан саясатына дал келерин белгиледи.

Маектештер Кыргызстан менен Ыйык Тактынын (Ватикандын) ортосундагы кызматташтыктын эки тараптуу күн тартибин, ошондой эле региондогу жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздук, экология жана башка гуманитардык маселелерди кеңири талкуулашты.

Элчи Текебаев маектешине кыргыз элинин тарыхы жөнүндө кеңири айтып берип «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан немис тилинде чыгарылган «Манас» эпосу тууралуу иллюстрацияланган китебин белекке берди.

Жолугушуунун аягында апостолдук нунций кызыктуу маек үчүн ыраазычылыгын билдирип, бардык белгиленген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, апостолдук нунций — Ыйык тактынын (Ватикандын) дипломатиялык мамиледе болгон мамлекеттериндеги Рим Папасынын туруктуу дипломатиялык өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости