www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аршад Таки элчи Тотуяевди КРнын Пакистандагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Элчи Тотуяев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы тууралуу маалымат берди, ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын тарыхый жана маданий тыгыз байланыштарын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, медициналык билим берүү мекемелерин текшерүү жаатында тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасынын бир катар медициналык жогорку окуу жайларын Пакистан медициналык комиссиясы тарабынан таануу жолдорун талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости