www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы Кыргызстандан Орусияга экспорттун көлөмү 38 пайызга өскөн. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн маалымат жыйында айтты.

Элчи Кыргызстан менен Орусиянын эки тараптуу мамилесинин ортосундагы жыйынтык тууралуу айтып берди.

"Соода-сатык жаатында 2021-жыл ийгиликтүү эле болду. Өлкөлөр ортосунда товар алмашуунун көлөмү 46,5 пайызга өстү. Бул Орусиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматы. Товар айлантуу 2,5 миллиард долларга жетти. Кыргызстандан Орусияга экспорттун көлөмү 38 пайызга өскөн. 2020-жылы 240 миллион долларга, 2021-жылы 333 миллион долларга чейин жеткен", — деди Удовиченко.

Элчи Орусия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым саясий диалог жүрүп турарын айтып, былтыркы жылы президент Орусияга үч ирет барганын эске салган.

"Парламент башчылары, тышкы иштер министрлери дайыма байланышып турат. Марттын башында Кыргызстандын тышкы иштер министри, ал эми февралда Жогорку Кеңештин төрагасынын Москвага барышы күтүлүүдө", — деген Удовиченко.

Тараптардын мамилеси тууралуу сөз кылып жатып ал Орусиядан Кыргызстанга которулган акча каражатынын көлөмүнө да көңүл буруп, былтыр анын көрсөткүчү 2,6 миллиард долларды түзгөнүн белгиледи.

Элчи Евразия интеграциясын өнүктүрүүдө социалдык чөйрөдө жылыш болгонун кошумчалаган. Ал кызматташуудагы мындай ийгилик, жетишкендиктер элдин жашоосун жеңилдеткенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости