www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги РФ жаранынын соода тармагындагы резонанстуу кылмыш ишине көңүл бурду. Бул тууралуу элчи Николай Удовиченко Instagram аккаунту аркылуу билдирген.

«Окуянын чоо-жайын аныктап жатабыз. Мыйзам чегинде орусиялык бизнес өкүлдөрүнүн укугун коргогонго аракет кылабыз», — деген дипломат.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Кыргызстандын калкына мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү чет өлкөдөн алып келүү жана сатууда коррупциялык схема аныкталганын билдирген.РЕСС-СЛУЖБА ГКНБ КР

Анда Бишкектин эки коммерциялык компаниясынын жетекчилери жана кызматкерлери мамлекеттик органдын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алганы аныкталган. Натыйжада укук коргоо жана фискалдык кызматтардын калкалоосу менен Кыргызстанга мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү алып келишкени айтылган. Ал эми Бишкектеги полиграфиялык борборлордун биринен жарактуу мөөнөтүнүн этикеткасын жасалмалап, соода түйүндөрүнө сатышканы белгиленген.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен компаниялардын эки жооптуу кызматкери кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмыштын башка фигуранттары жана аларды калкалаган мамлекеттик, фискалдык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери такталып жатканы айтылган.

Орусиялык ишкер, дүкөн тармактарынын жетекчиси жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго, Орусиянын элчиси Николай Удовиченкого, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге ачык кат менен кайрылып, айыптоолорду четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости