www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми мырза жана JICAнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен расмий жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалын өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле техникалык жана гранттык жардам долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев JICAнын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, агенттиктин кыргыз-япон өнөктөштүгүн бекемдөөгө кошкон олуттуу салымын белгиледи.
Жолугушууда «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программага» (JDS) өзгөчө көңүл бурулду. 2006–2025-жылдар аралыгында аталган программанын алкагында Кыргыз Республикасынын 327 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкери Японияда билим алып келишкен. Бул программа 2025-жылдын декабрь айында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти менен Япониянын Премьер-министринин жолугушуусунда жогору бааланган.
Диалогдун алкагында кыргыз тарап министрликтердин жана ведомстволордун кадрдык кызматтарынын жетекчилери үчүн Японияда үч жылдык кыска мөөнөттүү окутуу программасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу, аймактык пландаштыруу, муниципалдык финансы жана муниципалитеттердин улуттук региондук өнүгүү программаларына катышуусу боюнча муниципалитеттердин өкүлдөрү үчүн окутуу программаларын уюштуруу сунушун билдирди.
Тараптар Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө кызыкдар