www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчи Антонов: «Орусия АКШны коркутуп-үркүтпөйт»

Москва Кошмо Штаттарын жана анын европалык өнөктөштөрүн коркутпайт жана алардын «агрессивдүү өзөктүк риторика» боюнча айыптоолорун негизсиз деп эсептейт, деп билдирди Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Биздин өлкө АКШны жана анын европалык өнөктөштөрүн коркутуп-үркүтпөйт, тескерисинче, украин кризисинин курчушуна жол бербөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Биз НАТО мамлекеттеринин Орусиянын атайын аскердик операциясына кийлигишүүсүнө байланыштуу пайда болуп жаткан тобокелдиктерди эскертүүгө аргасызбыз», - деди Антонов.

Мындан тышкары, элчи Москваны «агрессивдүү өзөктүк риторика» деп айыптоолордун негизсиздигин белгиледи.

«Мындай спекуляция Украинанын аймагынан келип жаткан улуттук коопсуздукка коркунучтарды жок кылуу боюнча биздин кадамдарыбызга жооп катары Орусияга каршы башталган үгүт кампаниясынын бир бөлүгү», - деп баса белгиледи Антонов.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы өзөктүк куралды колдонуу мүмкүн болгон шарттар Россия Федерациясынын өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясатынын негиздеринде жазылганын эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости