www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды. Анда «ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орточо алганда 5% деңгээлде камсыз кылабыз» деп жазылыптыр, муну аткарса болобу?

- 5% көп деле өсүү эмес. 8 же 10 пайыз болсо, ошондо чоң өсүү болуп эсептелинет. 5% нормалдуу эле өсүү. Менин оюмча, буга жетүү мүмкүн. Болгону, инвестициялык климатты жакшыртып, коррупцияга жол бербей, ишкерлерге максималдуу ыңгайлуу шарт түзүп берсе, муну аткарса болот. Бул өтө деле оор программа эмес.

Чынында, Кыргызстан кичинекей эле өлкө. Жанында чоң Кытай, Казакстан, Орусия, Өзбекстан бар. Биринчиден, биз географиялык абалыбызды туура колдонушубуз керек. Азыркы бийликтин бир айткан жакшы сөзү - «темир жол курабыз» деп жатканында болууда.

Албетте, ар бир келген бийлик «темир жол курабыз» деп айтып келген деңизчи, бирок ошондой болсо дагы, азырынча ишенип туралы. Иштеп жаткан жаңы өкмөт дагы Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга кеткен темир жолду сөз кылды. Темир жол бизге керек.

Ал бизди сугарган суу сыяктуу болот. Эгер темир жол курулса, анын айланасына курулуштар болот, биз транзит үчүн акча алабыз, эгер туура экономикалык саясат жүрсө, анын жээгине жүздөгөн ишкана куруп, жумуш орундары ачылат. Темир жол курулганча деле бул схеманы пайдаланып, экономиканын абалын жакшыртсак болот.

Маселен, Торугарт, Эркечтам аркылуу мамлекеттик казынага кирише алуу мүмкүнчүлүгү эбейгейсиз. Бирок бул акчалар бюджетке эмес, башка жактарга кетип жаткандай.

- Программада жумушсуздуктун деңгээлин 5 пайызга чейин төмөндөтүү камтылыптыр, чыныгы көрсөткүчтөр кандай?

- Бизде жумушсуздук - курч маселе. Себеби, жылына 100-150 миң бала мектеп бүтүрсө, ошонун 70 пайызы Кыргызстандын ичинен жумуш таба албай сыртка иш издеп кетет. Жумушсуздукту азайтууну кандайча эсептегени кызык. Анткени, миллион кишиден 5 пайызды алса ал 50 миң адамды эле түзөт.

Расмий статистика боюнча, бизде жумушсуздук 7-8 пайыз деп эле айтылат. Эгер жалпы Кыргызстандын ичинен жумуш таба албагандарды санаса, бул - бир статистика, мигрант катары сыртка чыгып кеткенден кийинки жумушсуздарды санаса, бул таптакыр башка санды көрсөтөт. Кыскасы, муну алар кандай санаганын такташ керек.

- Акылбек Жапаров республикалык бюджетти 280 миллиарддан 400 миллиард сомго жеткирүү убадасын берип, бул көрсөткүч мындан дагы өсүп тураарын айтууда...

- 2021-жылга карата биздин бюджет 172 млрд сом, социалдык фонддун бюджети 62 млрд сом экен. Ошондо «биздин жаңы премьер-министр Акылбек Жапаров 172 млрд сомду 280 млрд сомго көтөргөнү жатабы, же 172 млрд менен 62 млрд сомду кошкондо чыккан 234 миллиардды 280ге көтөрүп жатабы?» деген суроо жаралат.

Анткени экономист Эмил Ашымбаев «234 млрд сомду 280ге көтөргөнү жатат» деп билдирди. Эгер ушундай болсо, бул таптакыр туура эмес. Себеби, 62 млрд сом – бул пенсионерлердин акчасы.

Ал эми 172 млрд сом – мугалимдердин айлыгы, салына турган жолдор, армиядагы солдаттарга, ошол эле президенттик аппараттагылардын айлыгына, министрлер кабинетине жумшала турган каражат. Биз «ушул акчаны 280 млрд сомго көтөрөм деди» деп таң калып жатабыз.

Бирок «эми бир бюджет болот» деген дагы кептер айтылып жатпайбы, бул туура эмес. Социалдык фонддогу каражат – пенсионерлердин акчасы, аны аралаштыруу кооптуу. Социалдык фонд өзүнчө чоң маселе, мунун үстүнөн чоң реформа жүргүзүш керек.

Анткени бизде расмий түрдө 600 миңдей пенсионер бар, 3 миллионго жакын адам жумушка жөндөмдүү делсе, анын болгону 500-600 миңи эле Социалдык фондго акча которот. Калганы мигрант же көмүскөдө айлыктарын жашырып алат.

Ал эми 172 миллиардды 280ге көтөрүү – бул акчанын баркы кетип жатканы менен эле жоюлат. Баардык товарлар кымбаттап, сомдун наркы кетүүдө. Ошондуктан бул жерде эч кандай өсүү жок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости