www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сарымсак — элдик медицинаны колдогондордун арасында иммундук системаны чыңдоонун эң популярдуу каражаттарынын бири. Сарымсакты кимдер жебеш кереги тууралуу үй-бүлөлүк дарыгер, диетолог, BioData компаниясынын медициналык директору Анна Ишакевич айтып бергенин РИА Новости агенттиги жазат.

Дарыгердин айтымында, көпчүлүк адам үчүн сарымсакты ченемдүү бир өлчөмдө жеп туруу пайдалуу. Анткени сарымсак вирустук инфекциянын жайылуу мезгилинде организмдин иммундук коргонуусун күчөтүүгө жардам берет. “Сарымсак иммундук системанын стимулятору. Ошону менен бирге, анын курамында вирустарга каршы турууга жардам бере турган цинктин жетиштүү көлөмү бар”, - деп түшүндүрдү дарыгер.

Диетолог белгилегендей, бир күндө 2 тишче сарымсак жеп коюу ашыкча болбойт, бирок адамдын ичеги-карын жана ашказанында кандайдыр бир оорулар болсо, бул көптүк кылат. “Айрым оорулары бар адамдар сарымсактан баш тартып коюусу туура. Ашказан жарасы, гастрити бар адамдарга сарымсак сунушталбайт”, - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости