www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы туризм боюнча эксперт Элдар Шабданов Тоо туризмин илгерилетүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу, маршруттарды белгилөө, эко-лагерлерди жана конок үйлөрүн ачуу зарыл, экендигин NazarNewsка билдирди.
— Кыргызстанга келген туристтер көбөйүп жатат, айрыкча тоо туризми чоң потенциалга ээ. Бирок жолдордун начардыгы, тейлөө кызматтарынын чектелгендиги жана маалыматтын аздыгы өнүгүүгө тоскоол болгондой?
— Тоо туризмин илгерилетүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу, маршруттарды белгилөө, эко-лагерлерди жана конок үйлөрүн ачуу зарыл. Коопсуздук кызматы, гиддерди жана жергиликтүү элди окутуу да маанилүү.
Кыргыздын көчмөн маданияты, улуттук тамак-ашы, боз үйдө түнөө сыяктуу өзгөчөлүктөр чет элдиктерди кызыктырат. Ошол эле учурда экотуризмди жана жаратылышты сактоо маданиятын өнүктүрүү керек.
Маалыматтык технологияларды колдонуп, веб-сайттар жана социалдык тармактар аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу зарыл. Мамлекет ишкерлерге жеңилдиктерди берип, кадр даярдоого көңүл бурганда гана тоо туризми чыныгы өнүгүүгө жетет.
Жамиля МЫКТЫБЕК кызы