www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Балыкчы ИИБнын мурдагы башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев коррупцияга шектелип 15-апрелге чейин убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) киргизилди.
27-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековго козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында жалпы беш адам камакка алынганын билдирген. Аскер прокуратурасы аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен иш козгогон.
УКМК бул иш боюнча ички иликтөө жүрүп, алты адам атайын кызматтын системасынан кетирилгенин, дагы алтоо ээлеген кызматынан бошотулганын, сегиз кызматкер тартип жазасына тартылганын кабарлаган.
Атайын кызмат тараткан маалыматта Жакыпбеков баштаган адамдар баюу максатында туруктуу коррупциялык топ түзгөнү айтылган.
Мындан тышкары Элдар Жакыпбековдун жездеси, Чүй облусунун ШИИБнин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Руфат Абдуразаков, жакын достору Балыкчы ИИБнын башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-терөө кызматынын жетекчисинин орун басары Айзатбек Учбаев кызматтан алынганы белгилүү болгон.
Ушул окуялардан кийин учурунда УКМКнын кызматкерлеринен кордук көргөнүн айткандар, бийликке кайрылуу жолдогондор болууда.
Булак: NazarNews