www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыскы аймактардан келген делегаттардын суроо-талабын угуп, жол-транспорт тармагына байланыштуу  кайрылууну катташты. Бул тууралуу  аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Абсаттар Сыргабаев баштаган ведомствонун өкүлдөрү бардык суроолорго ыкчам жооп беришти. 

Азыркы тапта министрликке жол тармагына байланыштуу 237 ашуун кайрылуу келип түштү. 

Белгилей кетсек, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында өтүп жаткан иш-чарага өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан шайланган делегат келген. Алардын суроо-талабын угуу максатында театрдын фойесинде атайын аянтча уюштурулган. 

 

Последние новости