www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эң алгач “саясий өлүктүн” маанисин түшүнүш керек, атамбаевчил маалыматчылар ушул сөздүн маанисин түшүнүшпөй эле ушуну Атамбаев чыгарган деп жалган догурунуп жүрүштү. Бул сөздү Атамбаев чыгарган эмес Никита Хрущев чыгарган. 1957-жылы ал кездеги партия менен мамлекеттин жетекчиси Хрущевго каршы Саясий бюронун мүчөлөрү, Сталинди жактагандар Молотов, Каганович сыяктуулар  “заговор” уюштуруп, бети ачылып калат. Ошондо өмүр боюу совет бийлигин жетектеп келгендердин барын Хрущев кызматтан алат да минтип айтат, адам бир жолу өлөт, бул ажал, андан эч ким качпайт. Ал эми саясий лидерлер эки жолу өлүшөт, биринчи жолу түшүнүктүү ажал, ал эми дагы бир жолу качан жогорку кызматынан эл алдында шермендеси чыгып, уят болуп түшкөндө бул өлүмгө барабар нерсе, муну “политический труп” деп койсок жарашат деп. Бул орусча жазылган ушул цитаталар жагып калып, мен кыргызча которгом. “Политический труп” –дегенди “саясий өлүк” деп которгом. 2006-жылдын октябры эле, ал кезде Максим Бакиевдин ирбити чыгып турган, ошол кезде “Айран жокто максым бар, Айдар жокто Максим бар”-дегенди чыгарып, элге жагып чагылгандай тездик менен тараган. “Саясий өлүк” да тез тарады себеби 2006-жылдын 2-ноябрында Ак үйдүн алдында чоң митинг уюштурулуп жаткан. Элдин бары кулагын түрүп оппозициялык гезиттерди тыңшап турган. Ар бир катуу айтылган сөз желдей тарап кетип жаткан. Акаев кетип “саясий өлүккө” айланган, мен “Кыргыз Руху” гезитине Хрущевго таянып Бакиев да кетип “саясий өлүккө” айланат деп жазгам. Элдин бары “саясий өлүк” дегенди жактырып лексиконго кошту, ноябрда ушул сөз менен жазган Атамбаевди айлана-тегереги жасакерленишип президент болгон соң ушул сөздү Атамбаев чыгарган дешет. Атамбаев “Көтани” дегенди чыгарышы мүмкүн, андай сөздү чыгарат, мындай сөзгө алы жетмек эмес. Муну Хрущев чыгарган, бул жөн эле калькасы же кыргызча котормосу.

Кыргыз оппозициясы 2014 – жылдын апрелинде акыркы ирет онтоп алып чээнине кирген. 2014-жылдын апрелинде Мелис Мырзакматов башында турган Атамбаевдик бийликке каршы чыккандар жеңилип калат. Ушул каршылыкка демөөр берген Мелис Мырзакматовдун артынан аңдыгандар күч алып чет мамлекетке кетүүгө аргасыз болот. Ушул каршылыкка маалымат жагынан болгон дилин берип, маалыматтарды уюштурууда күнү-түнү уктабай тикесинен-ти ктурган Уран Ботобеков да арсыз бийликтин жалган асылууларынан улам чет мамлекетке качууга аргасыз болот.

 2016-жылдын жазында Атамбаевдик бийликке каршы талпынып Талгарбеков чыгат. Ушул жылдын апрель айында түзүлгөн “Элдик парламент” зилзала болуп жер силкинген сыяктуу, көз ачып жумгуча эл алдында кадыр таап, ал мезгилде сагынып калган оппозициянын тирүү экенин билгизип, Атамбаевге сөөмөй кезеп турду. Жүрөгү оозуна тыгылып, чоочуп кеткен Алмазбек Атамбаев  “Элдик парламенттин” артында чет элдик атайын кызматтардын генералдары турат деп жеңил ушагын таратып, Бекболот Талгарбековго кара пиарын айдай баштайт. Кайсы өлкөнүн атайын кызматтарынын генералдары турганы тууралуу эч маалымат болгон эмес. Анткени, бул жерде чындык жок болгон. Атамбаевдик бийликке каршы чыккан “Элдик парламент” элдин үмүтүн жандандырып, кырдаалды Атамбаев менен Темир Сариев ойлогондой жагдайга бурбай, тескери бура баштаган.

Коомчулук Бекболот Талгарбековдун Атамбаевдик бийликке бетме-бет чыкканына колдоо көрсөтүп, Акаевдин заманында бийлик чөгөлөтүүгө Аксы окуясы кандай таасир этсе, Атамбаевдин заманында анын жүрөгүнүн үшүн алган “Элдик парламент” болду.

 Ошол мезгилдеги өкмөт башчысы Темир Сариев, Ички Иштер министри Мелис Турганбаев Атамбаевдин отставкасын талап кылган “Элдик парламенттин” артынан шимшилей баштайт. Алардын шимшилегенин тоготпой Бекболот Талгарбеков Атамбаевдик бийликке каршы ачык согуш ачып, май айында Атамбаевге каршы күчтөр менен жалпы элдик форум өткөзүп, 2016-жылдын 17-майында митинг болорун жарыялайт. Шиши толгон Атамбаевдик бийлик  түнү уктабай, ойгоо турса Талгарбеков оюнан чыкпай, “Элдик парламенттин”  тагдырын камак менен чечмей болот.  Форумдун лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановду артынан куугунтуктаган Турганбаевчи жалаакорлор жалаа жаап камакка алышат. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев “Элдик парламенттин” лидерлери болсо,  Марат Султанов “Элдик парламенттин”  кагазын юридикалык жактан бүтүргөндүгү үчүн айыпка жыгылып, бийликти зордук - зомбулук менен басып алгысы келгендиги үчүн камалышат. Элди эмнеге кармаганын шекшибеш үчүн  соцтармактардан жасалма сүйлөшкөндөрдүн аудиотасмаларды тарата баштайт. Эл тарабы  аудиотасмалардагы “Элдик парламент” өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүн даңазалап жазса, Атамбаевдик бийлик тарабы чийки май жегенсип, аудиотасмалардан мүчүлүштүктөрдү шимшилеп издешип, “Элдик парламенттин”  тамырын тезинен кыркып жок кылууну көздөшкөн. “Закон подлости” же бумеранг деп койот, учурда ар кимдин артынан жалаа жаап каматып койчу Атамбаев өзү камалганы менен, ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев темир канатын “Ата-Мекенде” жайып, ал эми Ички иштер министри Мелис Турганбаев “түрмөлөргө кожоюн” болуп жүрөт.

Атамбаев кеткени, акыйкаттык калыбына келип Бекболот Талгарбеков “Элдик парламенттин” лидерлери баштаган топ жалаа менен жаткандары аныкталып, өз баасын алып, камактан бошотулган.

Өлүүбү, тирүүбү ким билет “Элдик парламент” эл алдында өзүнүн милдетин абийир менен актаган. Ошондуктан “Элдик парламентти” саясий өлүк деп атоого болбойт. Ал эми баш көтөргөндүн барын түрмөнүн түбүнө чириткиси келген президент Атамбаев кызматын өткөрүп берген соң мамлекетти тескеп тургандагы былыктарынын бары билинип “саясий өлүккө” айланып камалган. Бийлик башына Садыр Жапаров келген соң бул маселени кайра карап көрүүнү тапшырган. 2022-жылдын 23-мартында Жогорку Сот бул өкүмдү кайрадан карап эч өзгөртүүсүз калтырды. Башкаларды жалган жалаа менен каматып келген Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости