www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик пикир:

Бүгүн 29-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчыларынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуудан соң тажик УКМК башчысы Саймумин Ятимов №39 протоколдогу талаптар аткарылышы керек деген оюн айтты.

Ал сегиз күндөн кийин тараптар бул протоколду ишке ашырууга өтөрүн, аталган документте жазылган пунктулар боюнча иш алып барарын белгиледи.

Эки өлкө Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло — Ворух жолун курат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт.

Буга катар аталган келишимге кол коюлганга чейин тараптар Ворух тилкесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын жазуу ишине киришүүнү макулдашкан.

Бирок УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул автожолду куруунун негизги максатын жана себебин түшүндүргөн кайрылуу жасаган жок. Ал арада, социоалдык тармактарда: "Эгер Ходжаи Аъло — Ворух жолу курула турган болсо, Лейлек району анклав болуп калат!", - деген кооптуу пикирлер жаралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости