www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин балдары. Жогорку кызматты ээлеген жаштар. Тизме

Мурдагыга салыштырмалуу азыркы бийликте жана өкмөттө өтө жаш кадрлар саналуу. Аз болсо да Sputnik Кыргызстан агенттиги башкалар менен теңтайлаша иштеп, агенттик, комитет, шаар башкарып, керек болсо министр болуп иштеп жаткан жаш аткаминерлерди тизмектеди.

Белгилей кетсек, КР мыйзамындагы 2009-жылкы "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" жобо боюнча 14-28 жашка чейинкилер жаш деп эсептелет. Бирок документтин эски редакциясында бул категорияга 35 жашка чейинкилер да кирчү. Мындан улам 35 жашка чейинки аткаминерлерди чогулттук. Тизме жаш куракка карап түзүлдү.

Айваз Оморканов, 26 жашта (1996-жылы туулган)

Жогорку кызматтагы эң жаш кадрлардын бири Айваз Оморканов 2021-жылы Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп тандалган. Оморканов жети жылдай Кытайда жашап, окуган. Эл аралык бизнес жана экономика боюнча Пекин университетинде эл аралык экономика багытында билим алып, ТИМдин Дипломатиялык академиясында магистратурада окуган. Кыргызстандын Хоккей федерациясынын башкы катчысы жана коомчулук менен байланыш боюнча менеджери да болгон.

Эрмат Жумаев, 31 жашта (1991-жылы туулган)

Эрмат Жумаев Каракол шаарынын мэри. Мэрликке чейин Жумаев жергиликтүү "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы болуп эмгектенген. Каракол шаарынын мэри Кыргыз техникалык университетин аяктаган.

Назгүл Лосникова, 31 жашта (1991-жылы туулган)

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгын азыр 31 жаштагы Назгүл Лосникова жетектейт. Буга чейин ал өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн адиси болуп иштеген. Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлигинде, КР президентинин администрациясынын бөлүмдөрүнүн биринде дагы эмгектенген. Эки жогорку билими бар.

Эрбол Султанбаев, 31 жашта (1991-жылы туулган)

31 жаштагы Эрбол Султанбаев президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы. Ал бул кызматка 2021-жылдын май айында 30 жашында келген. Султанбаев үч окуу жайда билим алып, экономика жана юридика багытында адис. Президенттик аппаратка 2015-жылы 24 жашында келип, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн өкүлүнөн жетекчинин орун басарына чейин жеткен.

Союзбек Надырбеков, 32 жашта (1990-жылы туулган)

Союзбек Надырбеков маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун орун басары. Ал министрликте жаштар саясатын тескейт. Ага чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Аткаминер Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен эстрада вокалы боюнча окуп, чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер жаатында билим алган. Түштүк Кореяда Чунг-Анг университетинен ички жана тышкы саясат боюнча окуп келген.

Нурадил Баясов, 33 жашта (1989-жылы туулган)

Нурадил Баясов да жаш аткаминерлердин катарын толуктайт. Ал учурда Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчиси. Эки жогорку билими бар. Кесиби боюнча экономист жана финансист. Эмгек жолун 23 жашында Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигиндеги соода саясаты жана тышкы соода бөлүмүндө алдыңкы адис болуп баштаган.

Азамат Жаманкулов, 35 жашта (1987-жылы туулган)

Азамат Жаманкулов учурда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри. Ал Кыргыз-Түрк "Манас" университетин ишканадагы менеджмент, 2011-жылы Кыргызстан эл аралык университетин финансы адистиги боюнча аяктаган. 2015-жылы 27 жашында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин жетекчиси болуп дайындалса, 31 жашында маданият министринин креслосун ээлеген. Бул кызматта эки жыл эмгектенген соң 2020-жылдын октябрь айында жумуштан бошотулган. Бирок 34 жаштагы аткаминер 2021-жылдын октябрь айында жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына кирип, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп кайра келген.

Чыңгыз Эсенгул уулу, 35 жашта (1987-жылы туулган)

Чыңгыз Эсенгул уулу учурда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун орун басары. Ал министрликте маалыматтык саясатты көзөмөлдөйт. Эсенгул уулу Жусуп Баласагын атындагы КУУну "бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистиги боюнча бүтүргөн. Кийин Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) дипломатиялык академиясынан эл аралык мамилелер боюнча билим алган. Бир топ жыл ТВ жаатында эмгектенип, кийин 2016-жылдан 2021-жылга чейин өкмөт башчынын маалымат катчысы болгон.

Дастан Дүйшекеев, 35 жашта (1987-жылы туулган)

Дастан Дүйшекеев азыр Кыргызстандын Казакстандагы ыйгарым укуктуу элчиси. Бул кызматка ал 2020-жылдын 9-августунда 33 жашында барган. Дүйшекеев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган. Кийин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган. 2020-жылы президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Рустам Жороев, 35 жашта (1987-жылы туулган)

34 жаштагы Рустам Жокоев "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору. Ал мурда КР президентинин иш башкармалыгына караштуу "Ала-Арча" жаратылыш паркы" мамлекеттик мекемесин башкарган. Жороев жогорку билимдүү. 2010-жылы И.Раззаков атындагы техникалык университеттен "Жол кыймылын уюштуруу" адистигине ээ болгон. Учурда президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында билим алууда. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору деген класстык чини бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости