www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында аял кишин уурдоого аракет кылган жаран кармалды, деп билдирди Ленин РИИБ.

4-июнда милицияга Г.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү 17:40 чамасында Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө Ж.У. аттуу жаран ага күч колдонуп, «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаага салып алып кетүүгө аракет кылганын билдирген. Арыздануучу унаа жүрүп бара жаткан учурда түшүп кеткен, бирок ага карабай, шектүү аны кайра унаага салып кетүүгө аракет кылган. Башка адамдардын кийлигишүүсү менен жабырлануучу качып кутулган.

Шектүү жабырлануучунун денесине залал да келтирген.

«Бул окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулукта резонанс жаратты.

5-июнда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-165-беренеси (Адамды уурдоого аракеттенүү) боюнча кылм иши козголду.

Иликтөө иш-чараларынын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган Ж.У. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости