www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын атынан Карганбек Самаковдун демилгеси менен ЮНЕСКОнун тизмесине “Манас, Семетей, Сейтек” трилогиясы, төкмө акындардын өнөрү, ала кийиз, шырдак, ак калпак жасоо өнөрү, боз үйдү жасоо кирген. Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечек ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди. Тиешелүү чечим ЮНЕСКОнун Мамлекеттер аралык комитетинин сессиясында кабыл алынган.

 Элечек - ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын баш кийими. Анын баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар. Тарыхчылар айымдардын элечеги жаш өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык абалына карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөнүн айтышат. Кыргыз элинде ар бир уруунун айымдары элечекти өз өзгөчөлүгү менен оронгон.

Буга чейин көкбөрү ат оюну ЮНЕСКОнун “Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине” кошулган. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесинде Сулайман-Тоо, орто кылымдарга таандык шаарлардын урандылары: Чүй облусундагы Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Красная речка (Невакет) жана батыш Тянь-Шанда (Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал коруктары) да бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости