www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандагы электр энергиясы тармагындагы бир катар жетекчилерге карата кылмыш иши козголуп, айрымдары камакка алынды. Бул маалыматты өлкөнүн башкы прокурору Нигматилла Юлдашев жарыялады.
Республикалык штабда өлкөдөгү электр энергиясынын абалы айтылды. Андагы маалымат боюнча, газ түтүктөрүндөгү басым азайгандыктан учурда Өзбекстандын 462 калктуу пунктундагы 62 миңден ашык үйгө жаратылыш газы берилбей калды.
«Өзтрансгаз» мекемесине тиешелүү болгон 37 агрегаттын ичинен 21 агрегат оңдоого муктаж. Ошондой эле Бухара, Навои, Фергана жана Ташкентте 1484 айылда маалмаалы менен электр жарыгы өчүрүлгөн.
Айрым аймактардагы жашоочулар газдын ордуна көмүр колдонууга өткөнү айтылды.
Булак: NazarNews.kg