www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 19-октябрдагы жыйынында Министрлер кабинети менен “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактырды. Документ компанияга 650 млн сом бюджеттик насыя берүү маселесин камтыйт.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев жыйында кабарлагандай, насыя электр энергиясын сырттан импорттоп келүү жана Бишкек менен Оштун жылуулук электр борборлоруна (ЖЭБ) отун сатып алуу үчүн керектелет. Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан “Электр станциялары” аркылуу Кыргызстан чет өлкөлөрдөн электр сатып алып жатканын, компаниянын өзүндө каражат жоктугун белгиленет.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Буга байланыштуу жыл башынан бери Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясы импорттоло баштаган. Бишкек, мындан сырткары, Тажикстандан жана Түркмөнстандан да электр кубатын алып жаткан, эми Орусиядан да сатып алуу маселесин караштырууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости