www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жаткан чакта энергетика жана суу ресурстары министринин орун басары Сорбон Холмухаммадзода иштен алынды. Бул тууралуу бүгүн 5-мартта «Азаттык» радиосунун тажик кызматы жазды.

Өкмөттүн токтомунда ал кызматынан башка жумушка өткөнүнө байланыштуу алынганы айтылды, бирок кайсы кызматка кетип жатканы маалымдалган жок.

Сорбон Холмухаммадзода министрдин орун басары болуп 1,5 жыл мурда дайындалган.

Соңку күндөрү Тажикстанда аба ырайы сууктаган учурда электр энергиясы улам үзгүлтүккө учурап жатканы кабарланууда. 1-мартта борбор калаа Дүйшөмбүдө бир нече саат электр жарыгы жок болду, интернет жана мобилдик байланыш иштебей жатты.

Калк үйүн негизинен электр менен жылыткан аймактарда көйгөй жаралган. Дүйшөмбүнүн чет жакасында бир үй-бүлөдөн алты киши (ата-энеси жана төрт баласы) бир түндө иске ууланып каза болгон.

Жарыкты улам кезеги менен өчүрүп туруу тапшырмасы берилгенин электр ишканасынын өкүлү журналисттерге билдирген.

Бирок бийлик андай тапшырма берилбегенин, электр жарыгы авариядан улам өчкөнүн айтып жатышат.

Өткөн айда өлкөнүн энергетика министри Далер Жума экономика өсүп, калк көбөйгөндүктөн электр энергиясын керектөө көлөмү жогорулаганын айткан. Ал эми талдоочулар буга өкмөт өндүрүлгөн энергияны башка өлкөлөргө сатып жиберип, энергетика тармагында тийиштүү көзөмөл жок болуп жатканы менен байланыштырууда.

Последние новости