www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина президенти Владимир Зеленский өмүр бою кызматында калууну пландаган жок, деп билдирди анын жубайы Елена Зеленская Quarta Repubblica басылмасына берген маегинде. Маектин видеосун ал өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
Анын айтымында, украин лидери алдына койгон башкы максат – өлкөнүн коопсуздугу.
«Анын өмүр бою президент болууну пландабаганын билем. <...> Коопсуздук кепилдиктери, кандай формада болбосун, Украинада болушу керек, ошондо гана ал кызматын тынч таштап кете алат», – деди Зеленская.
Эгерде НАТОго мүчөлүк коопсуздук кепилдиги катары эсептелсе, анда Зеленский кызматынан кетиши мүмкүн экенин ал белгиледи.
Буга чейин Зеленский Украинада тынчтык орношу же өлкөнүн НАТОго кошулуусу үчүн зарыл болсо, отставкага кетүүгө даяр экенин билдирген. «Эгер бул Украинага тынчтык алып келерин кепилдесе, мен кетүүгө даярмын. Бул үчүн кызматымды НАТОго алмаштырууга даярмын», – деген ал.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп февралдын ортосунда Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Бир жуманын ичинде Украина Жогорку Радасы экинчи жолу мамлекет башчысынын шайлоосу «согуш бүткөндөн кийин өтүшү керек» деген токтомду кабыл алды.
Баса, бир нече мүнөт мурда АКШ президенти Трамп Украинага карата НАТОну унутууга болорун айтып, жаңжал так ушул маселеден улам башталганын белгиледи.